Өлкөнүн волейбол боюнча мелдешинин жаңы сезону 25-январда башталат

Спорт

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Өлкөнүн волейбол боюнча мелдешинин жаңы сезону 25-январда Ош шаарында башталат. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Жаңы сезондо эркектер арасында мелдештер улуттук жана жогорку деп эки лигада өтөт.

Улуттук лигада 8 команда, ал эми жогорку лигада 12 команда күч сынашат.

Андан тышкары, Волейбол федерациясы бир катар мелдештерди өткөрөт. Алар "Дилгир" лигасы, энелер лигасы жана 50 жаштан жогору ардагерлер арасында мелдеш уюштурат.