Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75-жылдыгына арналган тасмалар көрсөтүлө башталды.
Көрүнүктүү адамдар жана кино тармагындагы белгилүү инсандар Кыргызстандагы шаарларды кыдырып, согуш тасмаларын коюшат. Алардын катарында "Саманчынын жолу", "Ленинградчылар, менин балдарым" тасмалары да бар.
"Иш-чара өлкөнүн бардык кинотеатрларында жана кинодирекцияларында көрсөтүлөт. Биздин киностудиядан жана Советтер союзу учурунда тартылган 20дан ашык тасманы тандап алдык", - дейт Киноматография департаментинин директорунун орун басары Айзада Усупбекова.
Уюштуруучулардын айтымында, бардык каалоочулар тасмаларды акысыз көрө алат.
Бишкек тургундары эртең да тасмаларды көрө алат, андан кийин кербен Ош шаарына барат.