Өлкө ичине кирген 6 жүк ташуучудан коронавирус табылды - Үсөнбаев

COVID - 19

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Өлкө ичине кирген 6 жүк ташуучудан коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 21-майда саат 10:00гө карата республика боюнча коронавирус жуктурган жаңы 43 учур катталды.

"Алардын ичинен 6 жаран жүк тушуучу унаанын айдоочусу болгон. Айдоочулар чет жактан өлкө аймагына киргенде алгоритмге ылайык, алардан ПЧР тесттери алынган. Тесттин жыйынтыгында 6 айдоочуда коронавирус табылган", - дейт министрдин орун басары.

Үсөнбаев кошумчалагандай, жаңы катталган 43 учурдун 12си Россиядан келген кыргызстандыктардан аныкталды. Алардын катарында "Жүк-200" менен келгендерде да илдет катталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 270и медицина кызматкери. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.