Өлкөдө сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Ден соолук

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5-январына карата өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 1-жумасында (30.12.19.-05.01.20) 52-жумага (23.12.19.-29.12.19) салыштырмалуу КРВИ менен ооругандардын саны 27,4 пайызга азайгандыгы байкалууда. 1-жумада 5236 учур катталса, 52-жумада 7208 учур катталган.

Учурда сыркоологондордун көбү 14 жашка чейинки балдар болуп, алар 67 пайызды түзүүдө.

Министрликтен сыркоологон адамдар эл арасында жүрүүдөн алыс болуп, дарыгерге кайрылышы керектигин белгилешти.