Өлкөдө аба ырайы өзгөрүп, жамгыр жаашы күтүлүүдө

Коом

БИШКЕК, 08.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанда жакынкы күндөрү жамгыр жаап чагылган түшөт, тоолуу райондордо каар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМ маалыматына ылайык, 11-августта республикада аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө. Шамалдын ылдамдыгы 18-23 м/с жетет.

12-августта синоптиктер жамгыр жаап, чагылган түшөөрүн, ал эми тоолуу райондордо каар жаашы күтүлүп жатканын билдиришти.

Мындай туруксуз аба ырайы унаалардын жүрүшүн, байланыш, электр энергия жана коммуналдык кызматтардын ишин үзгүлтүккө учуратат.