Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-август күнү өлкө боюнча 11 850м² имараттардын ичи-сырты, 4450 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 33 куткаруучу тартылган.
Ысык-Көл облусунда 1800 м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланды;
Ош облусунда 4300м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланды;
Баткен облусунда 4450 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланды;
Ош шаарында 5750м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланды.
Белгилей кетсек, дезинфекциялоо иштери жөө жүрүү жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.