Өлкө аймагында бир күн ичинде 35 өрт кырсыгы катталган

Кырсык

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Өлкө аймагында бир күн ичинде 35 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарындагы Бакиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук базарда түнкү саат 00:33тө өрт чыккан. Өрттүн айынан болжол менен 2 миң 500 чарчы метр аянттагы соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. Курман болгондор жок.

Өрт саат 01:50дө чектөөгө алынып, 04:15те толук өчүрүлгөн.

Токмок шаарында бир мечит толугу менен күйүп кеткен (300 чарчы метр).

Ошондой эле Ош шаарынын Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан наабайкана толугу менен күйүп кеткен (156 чарчы метр).