Ленин РИИБи эл аралык Эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрдү

Коом


Бишкек, 20.02.21. /Кабар/. Бишкек шаардык Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында эл аралык Эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ленин РИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, эл аралык эне тил күнү 1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы тарабынан жарыяланган. 21-февраль - "Эл аралык Эне тил күнү" 2000-жылдан бери жыл сайын тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын борбордук аппаратынын өздүк курамы, кадрлар жана кесиптик даярдоо тобунун инспекторлору катышты.

Бул иш-чара "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү" темасында өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты-ар түрдүү элдердин тил жана маданий салттары менен тааныштыруу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чаранын соңу милиция кызматкерлери тарабынан "Мекеним Кыргызстан" аттуу темасында баяндама жазуу менен аяктады.Бул, укук коргоо органдарынында кызмат өтөгөн кызматкерлер арасында эне тилибиздин маданий мурасын өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүүнү бекемдейт.