Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, №13 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Болотов Азамат Кыдырбаевич Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кызматына которулду.
Жаңы башчыны Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жамаатына Ленин районунун башчысынын орун басары А.Жунусова тааныштырды.