Бишкектин Ленин районунун акими ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун акими Руслан Тагаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.