Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. 10 күндүн ичинде Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 14 кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7 кызматкердин анализдери күмөндүү жыйынтык көрсөткөндүктөн, кайрадан тест алынган. Ошол эле учурда, коронавирус тастыкталган 5 кызматкер үйүндө иштеп жатканда илдетти жуктурган. Бир кызматкер иш өргүүсүндө илдетке кабылган.
"Бардык кызматкерлерден анализдер алынып, тиешелүү дезинфекциялык иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, салык кызматтары штаттык режимде иштөөдө. Коронавирустун алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, кошумча санитайзерлер орнотулуп, административдик имараттардын кире беришинде жарандардын дене табы текшерилүүдө.
Салык кызматынын имаратына белгилүү аралыкты сактоо менен саналуу гана адамдар киргизилип жатат.