Лейлекте түн ичинде унаалардын аккумуляторун уурдаган жаран кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Лейлекте түн ичинде автоунаалардын аккумуляторун уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга 2021-жылдын январь айынын ортосунда Лейлек районунун тургундары арыз менен кайрылышкан. Алардын турак үйлөрүнүн ичинен үйгө керектелүүчү буюмдар, короосуна токтотуп койгон автоунааларынын аккумуляторлору, автоколонкалары уурдалып кеткендигин билдиришкен.

Жалпысынан 5 арыз алынып, Лейлек РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси ("орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо") менен катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Тайлан айылынын 29 жаштагы А.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, уурдалган боюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди.