Лейлекте акча уурдоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда акча уурдоого шектелип эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районунун Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал ооруканадан дарыланып, үйүнө келген учурда белгисиз жарандар тарабынан 40 миң сом акчасы жана азык-түлүктөрү уурдалгандыгы жазылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурулук”) менен катталган.

Лейлек райондук милициясынын балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан ошол эле айылдын жашы жете элек эки бала шектүү катары кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.