Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлек районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Катран айылындагы жаңы фельдшердик-акушердик пункттун салтанаттуу ачылышына катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, "Өзгөрүш" ФАПы Катран айылынын 800гө жакын тургунун тейлеп, алгачкы медициналык жардам көрсөтөт.
Жаңы имарат 2024-жылы "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулган жана керектүү жабдуулар менен жабдылып, сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн бардык талаптарга жооп берет.
Министр өз сөзүндө аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты министрликтин ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий