Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда “Такси” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үгүт-насаат иш-чаралары жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Лейлек райондук ички иштер бөлүмү боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.
Бүгүн, 8-январда Лейлек райондук ИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери такси жана коомдук транспорттун айдоочулары менен алдын ала маектешүүлөрдү жүргүзүп, жол эрежелерин сактоо жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик , транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү эрежелерин жана тийиштүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүн алуу шарттарын түшүндүрүштү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине тиешелүү мыйзамдардагы өзгөртүүлөр тууралуу айтып беришти.