Бишкек, 14.09.20./Кабар/. Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Ленин-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus RX300 жана Honda Accord автоунаалары кагышкан. Кырсык 13-сентябрда болжол менен саат 20:14тө катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыктын натыйжасында бир эркек киши каза болуп, беш жүргүнчү жабыркаган.
Жерине келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.