Латвияга КРда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу сунушталды

Экономика

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Латвиянын тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 15-февралында өткөн.

Латвия тарабын 2020-жылы жайында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумга чакыруу – жолугушуунун негизи максаты болду.

Латвия тарабына эки тараптуу кызматташтыкты олуттуу бекемдей турган энергетика, транспорт, жаңы технологиялар, айыл чарбасы тармактарында Кыргызстанда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу сунушу берилди.