Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында түнкүсүн көчөдө жүргөн беш өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 102-беренесинин (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.
“Орозо айында ооз ачуудан кийин жаш өспүрүмдөр ата-энелеринин көзөмөлүнөн чыгып, акча табуу максатында кооптуу жерлерде жарамазан айтып жүрүшкөндүктөн, аларга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, топтошуп мушташууларга, укук бузууларга жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери мечиттерге барып, таравих намазына келген жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөп, кеңештерин беришти.