Кызыл-Кыяда чөнтөк телефондорду тоноп жүргөн өспүрүм кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кызыл-Кыяда чөнтөк телефондорду тоноп жүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүүчү мекемелерде билим алып жүргөн жаш өспүрүмдөрдүн колдонуп жүргөн чөнтөк телефондорун белгисиз жаран коркутуу жолу менен тартып алып жүргөндүгү боюнча 3 ата-энеден арыз келип түшкөн.

Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери "Ууру" ыкчам иш-чарасынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын Орто-Кыштак участкасынын 16 жаштагы Э.И. аттуу тургунун аныктап кармашкан.

Азыркы күндө кармалган жаш өспүрүм тергөөгө алынып келип, тартып алган телефондор өз ээлерине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.