Кызыл-Кыя шаарындагы “Чабалекей” бала бакчасынын жанында 5 тонна көмүр күйгөн

Кырсык

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Чабалекей” бала бакчасынын жанында көмүр күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 5 тонна көмүр күйүп кеткен.

Азырынча өрттүн себеби белгисиз.