Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Хан-Теңири" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында кызыл китепке кирген ак илбирс фотокапканга түшүп калган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы уникалдуу сүрөттөрдү жарыялады.

Маалымат үчүн: "Хан-Теңири" паркы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Ал 2016-жылы түзүлгөн. Өзгөчө коргоого алынган улуттук парк Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларына жакын турат. Жалпы аянты 275 миң 800,3 гектарды түзүп, Орто Азиянын ири парктарынын бири болот. Ал жерде Кызыл китепке кирген куштардын 100 түрү, жапайы жаныбарлардын 30 түрү бар.