Бишкек, 21.04.24. /Кабар/. Кытайдагы жер титирөө Кыргыщзстандын аймагында сезилди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 13:20да Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.