Кытайда өткөн көргөзмөдө Кыргызстандан 200дөн ашуун продукциянын түрү көрсөтүлдү

Экономика

Бишкек, 22.08.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 17-21-август аралыгында Үрүмчү шаарында өткөн "Кытай – Евразия ЭКСПО товарлары жана соода-2023" көргөзмөсүнө Кыргызстандын бизнес коомчулугунан 100дөн ашуун өкүл катышты.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, анда ата мекендик продукциянын 200дөн ашуун түрү көрсөтүлдү. Анын ичинен:

- бөтөлкөдөгү суу жана улуттук суусундуктар;
- балык, балык азыктары;
- сүт жана сүт азыктары;
- кондитер азыктары;
- жашылчалар жана жемиштер;
- буурчак өсүмдүктөрү;
- ун азыктары;
- айнек;
- жүн;
- зергер буюмдары;
- улуттук кийимдер;
- табигый бал;
- джемдер жана консервалар;
- кургатылган жемиштер;
консерваланган жашылчалар;
- алкоголдук ичимдиктер;
- хенд мейддер ;
- сувенирлер жана башка ата мекендик товарлар.

Белгиленгендей, көргөзмөгө 46 өлкөдөн жана региондордон жана 31 провинциядан, автономиялуу аймактардан жана муниципалитеттерден 3700дөн ашык компания катышып, сатып алуучулардын саны 32 миңден ашты.