Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди.
Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берген маалыматына ылайык, 12-апрелде саат 14:13тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
 
	 
                                                         
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий