Кытайда эки кабаттуу автобус бакты сүзүп 5 адам каза болду

Дүйнө

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кытайдын Гонконг шаарында эки кабаттуу автобус бакты сүзүп, натыйжада 5 адам каза болуп, 33 киши жабыркаган. Бул тууралуу South China Morning Post гезити билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык Гонконгдун Шаншуй районунда болгон.

Күбөнүн айтымында, автобус орто ылдамдыкта келе жаткан.