Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Бишкекке 12-ноябрда «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, вакцина РФ өкмөтүнүн чечимине ылайык акысыз негизде Кыргызстанга жеткирилген.