Бишкек, 12.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын документи гана келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Эскерте кетсек, бүгүн, 12-январда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда Кыргызстанга Pfizer вакцинасы изилдөөгө жиберилгенин билдирген.
Министрликтен такташкандай, Нурболот Үсөнбаев өлкөгө вакцинанын өзү эмес, анын документи келгенин айткан.