Кыргызстанга кореялык кинорежиссер Ким Ки Дук келди

Маданият

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Кыргызстанга белгилүү кореялык кинорежиссер Ким Ки Дук келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Кореялык режиссер Кыргызстанда 10 күн болуп, Ысык-Көлгө да барат.

Алдыда режиссердун күйөрмандары менен жолугушуусу да өтмөкчү.

Ким Ки Дук "Ээн үй", "Жаз, жай, күз, кыш... кайра жаз" ж.б. тасмаларды тарткан. Ал дүйнөгө аты чыккан режиссерлордун бири.