Кыргызстанга Баткен облусу үчүн Россиядан гумжардам келди

Коом

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Бишкекке Орус православдык чиркөөсүнүн линиясы боюнча 3 тонна гуманитардык жүк келди, ал Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, гумжардам антисептикалык каражаттар, медициналык коргонуучу кийимдер, бет кап жана башка жеке коргонуучу каражаттардан турат.