Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Scania R420 үлгүсүндөгү чиркегичи менен жүк ташуучу унааны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (ЭКККМК) билдиришти.
Аталган фактыны “Кара-Көл” транспортту текшерүү пунктунун кызматкерлери аныкташкан. Унаанын ээлери автону бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн өткөрүүгө аракет жасашкан.
ЭКККМКдан билдиришкендей, келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион сомдон ашкан. Каржы полициясы тарабынан чара көрүлүп, бюджетке 1 миллион 231 миң 037 сом төлөнгөн.
Эске салсак, КРнын мыйзамына ылайык, биринчи ирет аталган беренеде каралган кылмышты жасаган адам бажы төлөмдөрүн өз эрки менен төлөсө, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.