Кыргызстандын жараны тыюу салынганына карабастан Түркияга учууга аракет кылган

Укук тартиби

Бишкек, 23.11.18 /Кабар/. "Манас" аэропортунун чек арачылары Түркияга башка бирөөнүн паспорту менен учуп кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Бишкек-Стамбул каттамын каттоо учурунда 23 жаштагы К.С., аттуу жаран 1997-жылкы З.С., аттуу Кыргызстандын жаранына таандык болгон жалпы жарандык паспортту көрсөткөн, - деп кабарлашты Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Текшерүү маалында документтеги сүрөт шек санаткан. Андан сыткары, жүктү текшерүү учурунда кыздын өзүнүн паспорту (ID - card) табылган.

Сурак учурунда ал Түркиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгына байланыштуу ага Түркия Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынгандыгын билдирген.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.