• 87.45
  • 102.56
  • 1.12

Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курамасы Борбор Азия чемпионатында күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курамасы Өзбекстандын Фергана облусунда өтүп жаткан Борбор Азия чемпионатында күмүш утту. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясы билдирет.

Финалда кыргызстандык спортчулар Казакстандын командасына 3:1 эсебинде утулуп калышты.

Эскерте кетсек, мындан мурда КРнын кыздар курама командасы үчүнчү орун үчүн оюнда Тажикстандын командасын 3:0 эсебинде утуп алышкан.

Пикир

Оставить комментарий