Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев компаниянын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 1-сентябрда Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Равшанбек Касымов жамаатка жаңы дайындалган башкы директор Ж. Ачикеевди тааныштырды.
Эскерте кетсек, мындан мурда быу кызматты Эмил Куданалиев ээлеп келген.