• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Кыргызстандын тышкы соодасы $14,6 млрд АКШ долларын түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 14,6 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7%га көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,3%га өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,8%га төмөндөдү.

2024-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,1%га көбөйдү.

Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга - 71,2% жана Казакстанга - 26,9% туура келди.

Пикир

Оставить комментарий