Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. 30-август күнү Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышкан.

Элчи Жаныш Рустенбеков катышуучуларга Раззаковдун Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ролу тууралуу айтып берди.

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү коңшу мамлекеттерде И.Раззаков жөнүндө жылуу эскерүүлөр калгандыгын билдиришкен.