Брюссель, 16-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Фредерика Могерини менен жолукту.
Жолугушуу Кыргызстандын башчысынын Бельгия жана Германияга иш сапарынын алкагында Брюсселде өттү.