• 87.45
  • 99.28
  • 1.06

Кыргызстандын муфтийи жарандык милдетин аткарды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга катышты.

Муфтияттан билдиришкендей, Максатбек ажы Токтомушев ордо калаадагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында добуш берди.

Муфтий добуш берип чыккандан кийин бул шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, мамлекетибизге, эл журтка амандык, биримдүүлүк жана ынтымак каалады.

Пикир

Оставить комментарий