Бишкек, 2-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында 31 медаль (8 алтын, 1 күмүш жана 12 коло) жеңип алды. Бул тууралуу Азия оюндары-2017 сайтында маалымдалган.
Мелдештер 23-30-апрелде Ашхабад (Түркмөнстан) шаарында өткөн. Ага 17 өлкөдөн 300дөй спортчу катышты. Медалдар программанын 6 түрү боюнча ойнотулду.
Командалык эсепте Түркмөнстан 1-орунду алды (27 алтын, 25 күмүш жана 23 коло). Андан соң Иран, Тажикстан жана Кыргызстан курама командалары турат.
Кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты «Inspiring Ashgabat» аталышындагы сынамык мелдештердин алкагында өттү.