Кыргызстандын коргоо министри Беларуска жумушчу сапар менен келди

Коом

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Беларусь мамлекетине жумушчу сапар менен келди. Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлиги кабарлайт.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, аталган визит эл аралык аскердик кызматтыштыктын алкагында өтүүдө.