Кыргызстандын калкын каттоого COVID-19 боюнча суроолор киргизилди

Коом

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. 2022-жылдагы Кыргызстандын калкын каттоого COVID-19 боюнча суроолор киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статисткалык комитеттин статистикалык каттоо бөлүмүнүн адиси Айзада Тукашева билдирди.

Анын айтымында, сурамжылоонун катышуучуларына эки суроо кошулат - COVID-19 менен ооругансызбы? Стационарга кайрылгансызбы?

Ал белгилегендей, ошондой калктын миграциясы, жашап жаткан турак жайда жылуулук бар же жоктугу, респонденттин чет өлкөдө 1 жылдан ашык жүргөн жакындары барбы же жокпу деген суроолор да камтылат.

Адистин маалыматына ылайык, учурда эл каттоочулар үчүн жеке коргонуу каражаттары сатылып алынган, кызматкерлердин саны болжол менен 28 миңди түзөт.