Бишкек, 07.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогуна катышуу үчүн Доха шаарына (Катар) келди. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.
Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.
Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
| Таиланд | 20:30 | Кыргызстан | Абдулла бин Халиф стадиону | 
| Сауд Аравия | 23:30 | Оман | Халифа стадиону | 
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
| Оман | 20:30 | Таиланд | Абдулла бин Халиф стадиону | 
| Кыргызстан | 23:30 | Сауд Аравия | Ахмат бин Али стадиону | 
25-январь | 3-оюн күнү
| Кыргызстан | 21:00 | Оман | Абдулла бин Халиф стадиону | 
| Сауд Аравия | 21:00 | Таиланд | Эдьюкейшн сити стадиону | 
Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2023-жылкы Азия Кубогуна үчүн кураманын акыркы тизмесин жарыялады. Кураманын тизмеси 26 оюнчудан турат.
Дарбазачылар
- Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Түркия);
 - Исламкулов Марсель («Абдыш-Ата»);
 - Чомоев Султан, Нурланбеков Курманбек (экөө тең «Дордой»).
 
Коргоочулар
- Жыргалбек уулу Кайрат (Абдыш-Ата»);
 - Браузман Християн (Абдыш-Ата»);
 - Акматов Айзар (Абдыш-Ата»);
 - Дүйшөбеков Бактыяр;
 - Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонконг);
 - Сагынбаев Бекжан;
 - Мамыралиев Сүйүнтбек;
 - Мищенко Александр («Дордой»);
 - Шамурзаев Амантур («Абдыш-Ата»).
 
Жарым коргоочулар
- Абдурахманов Одилжон;
 - Кадыржанов Адиль («Дордой»);
 - Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург);
 - Алмазбеков Бекназ («Галатасарай», Түркия);
 - Мерк Кими («Пахтакор», Өзбекстан);
 - Алыкулов Гүлжигит («Неман», Беларусь);
 - Сталбеков Нурдөөлөт;
 - Джумашев Атай (Абдыш-Ата»);
 - Мусабеков Фархат (Абдыш-Ата»)
 - Азаров Азим («Абдыш-Ата»).
 
Чабуулчулар
- Батырканов Эрнист («Абдыш-Ата»);
 - Жоэл Кожо («Динамо-Самарканд», Өзбекстан);
 - Токтосунов Дастан («Нефтчи»).
 
	
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий