Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасы дүйнө чепионатында 5 медаль жеңди

Спорт

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында 5 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди.

Дене трабия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 21-23-июнь күндөрү Татарстандын Казань шаарында болуп өттү.

Акыл Сагынбеков (70 кг) жана Турдукул Абдырхманов (100 кг) алтын медалга ээ болсо, Күмүшбек Кыдыралиев (+100 кг) 2-орунга татыды.

Жекшенбек Турдубеков (60 кг) жана Ислам Бердибек уулу (90 кг) коло медаль тагынышты.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурлан Турдубаев жана улук машыктыруучу Кубаныч Изабаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты