Кыргызстандын элчиси Пакистандагы Гвадар портунун иши менен таанышты

Коом

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кечээ, 18-ноябрь күнү Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Гвадар шаарына болгон иш сапарынын алкагында аталган шаардын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Балуч Навид жана Пакистандын Сенатынын (парламентинин) мүчөсү Бабар Кауд менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык маселелер талкууланып, Соода-өнөр жай палатасынын президенти кыргыз товарларын Африка жана Чыгыш өлкөлөрүнө Гвадар порту аркылуу экспорттоону сунуш кылган.

Жолугушуу учурунда тараптар 2021-жылдын жаз айларында Пакистанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Пакистан жана Афганистандын бизнес коомчулугунун катышуусу менен бизнес саммитин өткөрүүнү макулдашкан.

Иш сапардын алкагында Бейшембиев Гвадар шаарынын портунун иши менен таанышып чыккан.