Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Дүйнө чемпионаты 23-26-августта Хорватиянын Загреб шаарында өтөт.
Мелдешке жалпысынан 63 мамлекеттен 538 дзюдочу катышмакчы.
Кыргызстандын курамасы:
Балдар:
- Нурмухаммед Муратов;
 - Адис Орозматов;
 - Данияр Мелисов;
 - Арсен Анарбеков;
 - Амир Айткулов;
 - Азад Каяев;
 - Ислам Жусупов;
 - Мухамадали Иброхимжон уулу;
 - Мусулманбек Анарбаев.
 
Кыздар:
- Акмаржан Турдажиева;
 - Жанар Жолдошева;
 - Самира Жарова;
 - Сабира Кожобердиева;
 - Мариана Тагайбекова;
 - Алина Молдокулова.
 
Мелдешти, ошондой эле анын жыйынтыгын IJF расмий сайтынан жана IJF Judo колдонмосунан же Judotv.com сайтынан көрүүгө болот.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий