Кыргызстандын диний уюмдары Бишкекте ишембилик өткөрүштү

Коом

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын диний иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы 6-апрель күнү конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүүнүн алкагында өлкөнүн баардык диниуюмдарынын катышуусу менен ишембилик өткөрдү.

Бул иш-чаранын максаты - мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурсун бириктирүү аркылуу социалдык инфраструктураны жана шаардагы мекемелердин санитардык абалын жакшыртуу болгон.

Ишембиликтин катышуучулары Бишкектин борбордук жагында жайгашкан “Тоголок Молдо” атындагы парктын ичин тазалап, көчөттөрдү отургузушкан.