Кыргызстандын айрым райондорунда үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын айрым райондорунда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-3-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде -3…-5° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.