Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы бир сутканын ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алсак:
- Бишкек шаарында – 1;
 - Ош шаарында – 1;
 - Ош облусунда – 1;
 - Чүй облусунда – 5;
 - Жалал-Абад облусунда – 2;
 - Ысык-Көл облусунда – 3;
 - Нарын облусунда – 2 өрт катталган.
 
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий