Кыргызстандын 5 туркомпаниясы Сиань шаарында өтүп жаткан көргөзмөгө катышууда

Экономика

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Туризм департаменти менен биргеликте 9-11-августта Сиань шаарында өтүп жаткан "Сиандагы Жибек жолу - 2024" эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда.

КР Экономика жана коммерция министрдигинен билдиришкендей, көргөзмө Шэньси провинциясынын маданият жана туризм департаменти жана Сиань элдик өкмөтү тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмөгө атамекендик 5 туристтик компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чараны Шэньси провинциясынын маданият жана Туризм департаментинин директору Гао Ян жана Кытайдын элдик саясий консультативдик конференциясынын Шэньси провинциясынын комитетинин төрагасынын орун басары Гао Лин ачып, Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышты.