Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Кытай тараптын чакыруусу менен Кыргызстандык журналисттер Синьцзян Уйгур автономдук районуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушту.
Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин уюштурган сапарынын алкагында журналисттер Кызыл-Суу автономдук аймакта, "Торугарт-унаа жолу" көзөмөл пунктунда, Үрүмчү, Кашкар жана Атуш шаарларында болушкан.
Аны менен катар журналисттерге жергиликтүү элдин жашоо шарты, жаңы өндүрүш объектилери, жергиликтүү элдин балдары окуган бала бакча, мектептер көрсөтүлгөн.