Бишкек, 12.12.18. / Кабар/. Кечээ Шымкентте (Казакстан) жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш аяктап, ал мелдеште кыргызстандык спортчулар 2 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Амирбек Шыртай атындагы жарышта 10 өлкөдөн келген 180 спортчу ат салышты.
Мелдеште Кыргызстандан барган Диана Канатбек кызы күмүш, Айтурган Маматкулова алтын медаль тагынышты.